Математика олимпиадасында Индустриалдык-педагогикалык коллежинин студенти жеңүүчү болду

Main News

Математика олимпиадасында Индустриалдык-педагогикалык коллежинин студенти жеңүүчү болду

Image

27-февралда Индустриалдык-педагогикалык коллежинде коллеждер аралык математика олимпиадасынын үчүнчү туру өткөрүлдү. 

Олимпиада биринчи курс студенттери үчүн уюштурулуп, ага STEM инновациялык коллежи, Индустриалдык-педагогикалык коллеж, Курулуш коллежи жана Айыл чарба коллежинин 22 студенти катышты. Жыйынтыгында төмөнкү студенттер мыкты деп табылды:

Биринчи даражадагы диплом: 

  • Муштарибону Косимова (Индустриалдык-педагогикалык коллежи). Даярдаган мугалими – Назгүл Нишанбаева.

Экинчи даражадагы диплом:

  • Арууке Мамашапипова (STEM инновациялык коллежи). Окуткан мугалими – Наргиза Мурзалиева;
  • Амина Кошмаматова (STEM инновациялык коллежи). Окуткан мугалими – Бүүзинат Камалидинова.

Үчүнчү даражадагы диплом: 

  • Мохира Халмурзаева (Индустриалдык-педагогикалык коллежи). Окуткан мугалими –  Анара Токтосунова;
  • Умар Жеңишбеков (STEM инновациялык колледжи). Окуткан мугалими – Гүлбарчын Жээнбаева;
  • Нурмухаммед Зулунов (STEM инновациялык коллежи). Окуткан мугалими –  Наргиза Мурзалиева.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр IV турга катышып, Ош шаарындагы башка коллеждер менен күч сынашат.

 

Photogallery