Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун орус филологиясы бөлүмүнүн окутуучулары 2–6-март күндөрү Өзбекстандагы Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтуна академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында иш сапары менен барып келишти.
Анда профессор Гулипа Мадмарова «Жалпы тил илими», доцент Диларам Мадаминова «Чет эл адабиятынын тарыхы», ага окутуучулар Дамира Осмонкулова, Чинара Токуров «Орус тилинин практикалык курсу», адабият сабактары боюнча 1–4-курстардын студенттерине лекциялык жана практикалык сабактарды өтүштү.
Ошондой эле ОшМУнун окутуучулары Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамы уюштурган ачык сабактарга, бир катар иш-чараларга катышып, тажрыйба алмашуу жолугушууларын өткөрүштү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар орус тили жана адабияты багыты боюнча 1+1 форматында магистратурада кош диплом программасын ишке ашыруу, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, конок лекцияларды, биргелешкен билим берүү иш-чараларын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Шахзода Негматова менен жолугушууда эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери каралды.
Аталган иш сапар окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган.