Нидерландиялык профессор ОшМУда конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Нидерландиялык профессор ОшМУда конок лекция окуду

Image

12-мартта Чыгыш таануу институтунда нидерландиялык профессор, PhD, чыгыш таануучу Нурмира Жамангулованын онлайн форматтагы конок лекциясы өттү.

«Илим, лидерлик жана туруктуу өнүгүү: 2030-жылга жол карта» деген аталыштагы лекцияда илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, академиялык лидерликти калыптандыруу жана туруктуу өнүгүүгө багытталган билим берүү маселелери тууралуу сөз болду.

Жолугушууда катышуучулар Scopus жана Web of Science эл аралык илимий базаларына макалаларды жарыялоо, эл аралык илимий долбоорлорду биргеликте жазуу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Соңунда институт директору Жолдошбек Бөтөнөев конок лекторго мазмундуу лекциясы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

 

Фото галерея