ОшМУда Gaudeamus билим берүү программасы тааныштырылды 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Gaudeamus билим берүү программасы тааныштырылды 

Image

27-октябрда университеттин Медициналык коллежинде Gaudeamus билим берүү программасынын өкүлү Каныкей Нышанбаевна менен жолугушуу өттү.

Ага билимин улантууну жана кесиптик квалификациясын жогорулатууну көздөгөн окутуучулар, бүтүрүүчү курстардын студенттери катышты. Жолугушууда жогорку медайымдык билим берүү, клиникалык психология, коомдук саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле катышуучулар кесиптик өнүгүү жана мындан аркы билим алуу перспективалары менен таанышты.

Gaudeamus – медициналык багытта билимин улантууну жана адистердин кесиптик өнүгүүсүн колдоого багытталган билим берүү долбоору. Программанын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ал медициналык билим берүүнүн ар кандай баскычтарында окуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, студенттерге, адистерге окууга тапшыруу боюнча кызматтарды көрсөтөт.