ОшМУда кыргыз тили боюнча олимпиаданын экинчи туру өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кыргыз тили боюнча олимпиаданын экинчи туру өттү

Image

 

1-курстун студенттери арасында кыргыз тили боюнча олимпиаданын экинчи туру өткөрүлдү. Иш-чара Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз тили кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Олимпиада эки деңгээлде – улантылуучу жана баштоочу топтор боюнча өттү. Ага факультеттер менен институттарда өткөн биринчи турда алдыңкы орундарды алган студенттер катышты. Жалпы 52 студент күч сынашты. Алардын 36сы улантылуучу, 16сы баштоочу деңгээлде. Катышуучулардын билим деңгээлин атайын комиссия баалап, жыйынтыгында төмөндөгүлөр жеңүүчү аталды:

Улантылуучу деңгээл:
1-орун – Айгерим Мукамжанова
2-орун – Сайкал Калыкова
3-орун – Муслима Жээнбекова
4-орун – Айназик Жыргалбекова

Баштоочу деңгээл:
1-орун – Сора Иманкулова
2-орун – Мухаммед Тохтасинов
3-орун – Мухлиса Ахмаджанова
4-орун  – Сабина Рахманжонова

Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды. Уюштуруучулардын белгилешинче, мындай олимпиадалар студенттердин мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин жогорулатууга, тилге болгон кызыгуусун арттырууга жана кесиптик даярдыгын бекемдөөгө багытталат. Алдыңкы орунду алган студенттер кийинки этапка жолдомо алышты.

 

Фото галерея