25-мартта ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда «Жаш котормочулар мектеби» аталышындагы конок лекция өттү. Иш-чара орус филологиясы кафедрасында уюштурулду.
Лекцияны белгилүү орусиялык тарыхчы жана маданият таануучу, тарых илимдеринин доктору (PhD) Анна Эспарса алып барды. Жолугушууда студенттер «Жаш котормочулар мектеби» эл аралык маданий-билим берүү долбоору тууралуу маалымат алышты. Долбоор жаш котормочуларды колдоого, адабий котормо тармагында тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле конок «Орусия–Кыргызстан жаш котормочулар мектеби – 2026» долбоорунун алкагында адабий котормо боюнча сынак жарыяланганын билдирди. Сынактын жеңүүчүлөрү Орусияга акысыз барып, атайын окуу программаларына катышып, жазуучулар жана адабият таануучулар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Лекциянын алкагында «Михаил Булгаковдун фантастикалык дүйнөсү» аттуу көргөзмө да сунушталды.
Иш-чара Дүйнөлүк адабият кафедрасынын демилгеси менен уюштурулуп, Оштогу «Русский дом» жана «Русский мир» фонду тарабынан колдоого алынды.