Студенттер орус тилиндеги татаал грамматикалык формалар боюнча жаңы билим алышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер орус тилиндеги татаал грамматикалык формалар боюнча жаңы билим алышты

Image

17-апрелде Чуваш мамлекеттик университетинин доценти Елена Данилова Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун орус филологиясы бөлүмүнүн студенттерине конок лекция окуду.

Студенттер орус тилиндеги зат атоочтордун илик жөндөмөсүндөгү варианттык формаларын колдонуу, өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жынысын аныктоо сыяктуу татаал темалар боюнча кеңири маалымат алышты. Диалог форматында өткөн жолугушуу алардын чоң кызыгуусун жаратып, лекторго суроолорун берип, жоопторду алышты.

Иш-чаранын соңунда Елена Данилова активдүү катышуу үчүн студенттерге, окутуучуларга ыраазычылык билдирди. Ал эми кафедра өкүлдөрү лекциянын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешип, мындай жолугушууларды мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Конок лекция факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары Рахат Ормокеева, Гүлзат Болотакунова, Гулзада Райымованын демилгеси менен уюштурулду. 

 

Фото галерея