«Жылдын мыкты бизнес планы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

«Жылдын мыкты бизнес планы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Image

28-апрелде Ош мамлекеттик университетинин «Алдыңкы тажрыйба борборунда» коллеждер аралык «Жылдын мыкты бизнес планы – 2026» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Сынакта студенттер заманбап технологиялар менен маркетинг инструменттерин колдонуу аркылуу рынокко багытталган реалдуу бизнес-долбоорлорун сунушташты. Катышуучулардын эмгектери инновациялуулугу, практикалык мааниси жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы боюнча бааланды.

Жыйынтыгында 1-орунду дизайн адистигинин экинчи курс студенти Каныкей Жолборсова «Nature» долбоору менен жеңип алды. 2-орунга ПОВТАС адистигинин экинчи курс студенттери иштеп чыккан «Dostup» мобилдик тиркемеси татыды. Ал эми 3-орунду дизайн адистигинин үчүнчү курс студенти Айбийке Сатканбаева ээледи. Долбоорлордун илимий жетекчиси коллеждин окутуучусу Мубарак Чыналиева болду.

Жалпысынан сынакка он долбоор сунушталып, анын экөө Финансы-юридикалык коллежден, сегизи Индустриалдык-педагогикалык коллежден катышты. Жеңүүчүлөр кубок, диплом, Ош мамлекеттик университетинин белектери менен сыйланышты.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, сынактын негизги максаты студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, жаңы идеяларды жаратуу жана ишкердик көндүмдөрүн колдоо болуп саналат.

Фото галерея