13-майда Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык коллежи түзүлгөндүгүнө 20 жыл толгонун белгиледи.
Мааракелик иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, кызматкерлер, студенттер, бүтүрүүчүлөр, ардагерлер жана түштүктөгү орто кесиптик окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Ректор Кудайберди Кожобеков коллеждин тарыхына, жетишкендиктерине, билим берүү тармагындагы ордуна токтолду. Ал коллеж 20 жыл ичинде өлкөнүн финансы, экономика, укук тармактары үчүн миңдеген кесипкөй адистерди даярдаганын айтты. Ошондой эле билим берүү сапатын жогорулатуу жана заманбап шарт түзүү багытында аткарылган иштерди атады.
Мааракеде коллеждин өнүгүшүнө салым кошкон окутуучулар жана кызматкерлер сыйлыктар, ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Мындан тышкары спорттук мелдештер, маданий кечелер, тажрыйба алмашуу иш-чаралары, концерттик программа, 20 жылдык тарыхты чагылдырган көргөзмөлөр уюштурулду.
Финансы-юридикалык коллежи 2004–2005-окуу жылында ОшМУнун юридикалык сырттан окуу факультетинин курамында ачылып, укук таануу адистиги боюнча алгачкы студенттерди кабыл алган. 2006-жылы өз алдынча коллеж болуп түзүлгөн. Бүгүнкү күндө экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы, банк иши, салык жана салык салуу, укук таануу, укук коргоо ишмердүүлүгү, башкарууну документациялык камсыздоо, архив иши, товар таануу сыяктуу багыттар боюнча 3500дөн ашуун студент билим алууда.