Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция

Башкы Жаңылыктар

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык конференция

Image

ОшМУда “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы: тарыхый традициялар, руханий баалуулуктар, жетишкендиктер” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө  расмий коноктор, окумуштуулар жана коомдук ишмерлердин  куттуктоолору жаңырды.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы, Легендарлуу парламенттин депутаты, профессор Балтагул Нурунбетов эгемендүүлүккө жетүүдөгү  кыйынчылыктар, республиканын символикаларын кабыл алуудагы тарыхый учурлар боюнча айтып, көз карандысыздыктын баасы, баркы тууралуу маалыматтарды кийинки муундарга дайыма жеткире айтуу керектигин белгиледи.

Конференциянын пленардык отурумунда академик, профессор А. Асанканов “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл”,  Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин кафедра башчысы,  профессор  Калыш Аманжол “Чыгыш таануучу Ш.-Э. Ужфальвинин  Кожа Ахмед Яссауи күмбөзү тууралуу изилдөөлөрү”,    ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы, доцент С. Арстанов “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхый-укуктук негиздери” деген темаларда баяндама жасашты.  

Кадимки жана онлайн форматтарда уюштурулган конференцияга Орусия,  Казакстан, Өзбекстандан окумуштуулар, окутуучулар, студенттер катышты. Кийинки бөлүгү секциялык иштерде уланды.

Фото галерея