14-майда өткөн илимий-практикалык окутууда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө Ош мамлекеттик университетинин өзгөчө макамга ээ окуу жай катары ишке ашырып жаткан илим, билим берүү жана инновация багытындагы артыкчылыктуу долбоорлору тааныштырылды.
Ректор Кудайберди Кожобеков университеттин өзгөчө макамынын өлкөдөгү жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанисине токтолду. Ал академиялык мобилдүүлүк программалары, эл аралык өнөктөштүктөр, санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү тажрыйба жана университеттин эл аралык деңгээлдеги билим берүү борборуна айлануу стратегиясы тууралуу маалымат берди.
Окутууга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү, Elsevier компаниясынын вице-президенти Марат Фатхуллин, Лань компаниясынын директору Александр Никифоров, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулар, изилдөөчүлөр катышты.
Марат Фатхуллин төртүнчү муундагы университеттер тууралуу баяндама жасап, заманбап окуу жайлар билим берүү жана илим менен гана чектелбестен, инновацияларды өндүрүшкө киргизген, стартаптарды колдогон, глобалдык өнөктөштүктү өнүктүргөн борборлорго айланып жатканын белгиледи.
Ал эми Александр Никифоров “Фундаменталдык билим берүүдөн дүйнөлүк рейтингдерге карай” темасында баяндама жасады. Анда университеттердин дүйнөлүк рейтингдердеги көрсөткүчтөрүн жакшыртууда санариптик китепканалардын, электрондук билим берүү ресурстарынын жана сапаттуу академиялык контенттин ролуна токтолду.
Иш-чара жогорку билим берүү системасында санариптик технологияларды өнүктүрүү, эл аралык билим берүү платформалары менен кызматташууну чыңдоо, университеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында уюштурулду. Соңунда коноктор ОшМУнун окуу корпустары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышат