Ош мамлекеттик университети менен Орусиянын Лань тармактык электрондук китепканалар компаниясы кызматташуу тууралуу расмий келишим түздү. Документке 14-майда ректор Кудайберди Кожобеков жана компаниянын директору Александр Никифоров кол койду.
Келишимге ылайык, тараптар “Тармактык электрондук китепканалар консорциуму” (ТЭК) долбоорунун алкагында жогорку билим берүү тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрөт. Долбоор окуу жана илимий материалдардын бирдиктүү базасын түзүүгө багытталган санариптик платформа болуп саналат. Анын алкагында Ош мамлекеттик университети Кыргызстандагы платформаны колдонууга катыша турган жогорку окуу жайлардын тизмесин түзүп, алар менен түз иш алып барат. Ошондой эле окуу жай маалыматтык, усулдук жана техникалык колдоо көрсөтүп, электрондук китепканаларды пайдалануу боюнча адистерди окутууну уюштурат.
Ал эми “Лань” компаниясы консорциумдун оператору катары Ош мамлекеттик университетине жана тизмеге кирген окуу жайларга электрондук фонддорго жеткиликтүүлүк берет. Мындан тышкары окуу, илимий адабияттардын базасын жаңыртып, техникалык, усулдук коштоо иштерин жүргүзөт.
Кызматташтыктын негизинде консорциумга кошулган жогорку окуу жайлар электрондук китепкананын ресурстарын акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул студенттер менен окутуучулар үчүн заманбап илимий-окуу материалдарына жеткиликтүүлүктү кеңейтип, билим берүү сапатын, илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүн колдоого өбөлгө түзөт.
“Лань” компаниясы Орусиянын билим берүү тармагындагы ири санариптик платформаларынын бири. Компания жогорку окуу жайларды, илимий мекемелерди жана китепканаларды бирдиктүү санариптик билим берүү мейкиндигине бириктирет.