ОшМУда заманбап 2 окуу лаборатория пайдаланууга берилди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда заманбап 2 окуу лаборатория пайдаланууга берилди

Image

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинин Ак-Буура кампусунда медициналык билим берүү үчүн курулган 2 окуу лабораториясы ачылды. Салтанатка министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов,  окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

 Жаңы окуу имаратынын 1-кабатында адистиктерге ыңгайлашкан заманбап окуу лабораториялары, лекциялык залдар, 2-кабатында практикалык көндүмдөр борбору, инновациялык окутуу технологиялары борборлору жана лекциялык залдар бар. Окуу имараттарынын курулушу университеттин ички каражатынын эсебинен каржыланган.

Коноктор окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасы, эл аралык медицина, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустарындагы билим берүүгө түзүлгөн шарттары  менен таанышты.

ОшМУда акыркы 10 жыл аралыгында 30 дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, спорт комплекстер заман талабына ылайык курулуп пайдаланууга берилген.

 Учурда ОшМУнун Эл аралык билим берүү жогорку мектеби үчүн курулган окуу имарты пайдаланууга берилгени турат.  Ал эми ОшМУнун “Билим” лицейинин курулушу башталып, университеттин №2 жатаканасы эл аралык стандарттагы, жаңы, заманбап капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Фото галерея