Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин lll форуму ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин lll форуму ОшМУда

Image

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өтүп жаткан Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин lll форуму 1-сентябрда ОшМУда өттү. “Түрк тилдүү элдердин руханий-салттуу мурастарын сактоодо жаштардын ролу” атуу илимий-практикалык конференцияга Түрк Кеңешинин өкүлдөрү, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен келген делегациялар катышып, баяндамаларын жасашты.  
Конференциянын алкагында ОшМУнун таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин колунан жаралган Түрк маданиятын чагылдырган мода көргөзмөлөрү, улуттук ыр-бийлери тартууланды. 
 Жаштар кеңешинин форуму алгачкы жолу 2019-жылы Азербайжан өлкөсүндө, 2020-жылы Казакстанда өткөн.

Фото галерея