ОшМУда Август усулдук декадасы 3 күн уланат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Август усулдук декадасы 3 күн уланат

Image

Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарындагы мектеп мугалимдери үчүн Август усулдук декадасы башталды. Бул иш-чара жыл сайын август айында билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп келсе, быйылкы жылы ОшМУнун демилгеси менен уюштурулууда.

 Максаты теория менен практиканы, мектеп менен жогорку окуу жайын байланыштыруу, педагогикалык кадрларды даярдоодо бирдиктүү иш алып баруу болуп саналат.

“Кеңешмеде окуу жайдагы методикалык, теориялык кафедралардан жалпы 56 мугалим доклад окушат. Ош шаарындагы  3000ден ашуун  мугалим 3 күн аралыгында ар бир адис өзүнүн окуткан предметине ылайык  илимде, билим берүүдө болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, жетишкендиктер, кемчиликтер, пландар боюнча ой бөлүшөт.  4-сентябрда аталган жыйын мектеп жетекчилигинин катышуусунда өткөн талкуу менен жыйынтыкталат”, -дейт ОшМУнун  педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы, доцент Адылбек  Батыралиев.

 

 

Фото галерея