ОшМУнун өнөрпоздору Өзбекстанда концерт коюшту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун өнөрпоздору Өзбекстанда концерт коюшту

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун искусство бөлүмүн окутуучулары, студенттери 18-майда Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунда өнөр көрсөтүштү.

Концерт «Билим берүү жана маданият көпүрөсү: өзбек–кыргыз кызматташтыгы» эл аралык долбоорунун алкагында өттү. Программада ОшМУнун профессор-окутуучулары, студенттери улуттук жана эстрадалык багыттагы ыр-күүлөрдү, музыкалык композицияларды, көркөм чыгармаларды аткарышты. Кечеде кыргыз, өзбек элдеринин маданий баалуулуктары, улуттук өнөрү, чыгармачылык алакасы тартууланды.

«Кеченин жүрүшүндө кыргыз жана өзбек элдеринин маданий баалуулуктары, улуттук өнөрү жана чыгармачылык алакасы даңазаланды. Иш-чара эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаштар арасындагы достук мамилелерди чыңдоо максатында уюштурулду», – деди  коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева.

Маданий иш-чара эки элдин достугун, өз ара кызматташуусун, маданий байланыштарын чыңдоо максатында уюштурулду.

 

Фото галерея