ОшМУда орус тили менен юридикалык дисциплиналарды интеграциялоо боюнча жыйын болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда орус тили менен юридикалык дисциплиналарды интеграциялоо боюнча жыйын болду

Image

Тарых-юридика институтунда 28-майда «Орус тили жана укук багытындагы окутуучулардын методикалык өз ара кызматташуу тажрыйбасы» аталышында дисциплиналар аралык методикалык семинар болду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик багыттагы чөйрөдө орус тилин окутуунун заманбап ыкмалары, предметтер аралык интеграция маселелери, болочок юрист-студенттердин сүйлөө маданиятын жана кесиптик коммуникациясын калыптандыруу боюнча актуалдуу темалар талкууланды.

Мындан тышкары катышуучуларга окутуунун инновациялык ыкмалары, иш кагаздарын жүргүзүү жана юридикалык документтерди түзүүнүн өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.  Ошондой эле окутуучулар студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүдө тил маданиятынын ролу, юридикалык терминологияны туура колдонуу жана практикага багытталган сабактарды уюштуруу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Окутуу  институттун  «Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши» кафедрасы менен Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулду.

Фото галерея