Доцент Гүлзада Жумашова Кара-Кулжада мектеп мугалимдерине мастер класс өттү

Башкы Жаңылыктар

Доцент Гүлзада Жумашова Кара-Кулжада мектеп мугалимдерине мастер класс өттү

Image

ОшМУнун тарых-юридика институтунун «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу» кафедрасынын башчысы, доцент Гүлзада Жумашова Кара-Кулжа районундагы мектеп мугалимдерине мастер-класс өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары, окуучулардын аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү усулдар, компетенттүүлүккө негизделген окутуу принциптери тууралуу кеңири маалымат берилди. 

Ошондой эле сабак учурунда тарых сабагын окутууда санариптик технологияларды пайдалануу, тарыхый булактар менен иштөө, топтук талкууларды уюштуруу жана окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруучу заманбап ыкмалар практикалык мисалдардын негизинде көрсөтүлдү.

Мастер-класс райондо өткөн “Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” облустук тарых мугалимдеринин семинарынын алкагында өттү. Иш-чара Ош билим берүү институтунун иш планына ылайык уюштурулуп, ага аймактагы билим берүү мекемелеринин тарых мугалимдери, усулчулар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Фото галерея