Enactus ОшМУ командасы "Enactus Kyrgyzstan 2021" жайкы лагерине катышты

Башкы Жаңылыктар

Enactus ОшМУ командасы "Enactus Kyrgyzstan 2021" жайкы лагерине катышты

Image

ОшМУнун Enactus командасынын мүчөлөрү Айзирек Исмаилова, Асел Абдугулова, Абдыкалык кызы Айкыз, Давранова Тансуу жана Азиз Исламов аталган команданын академиялык кеңешчиси Эрлан Камаловдун  жетекчилиги астында  31 -августтан 3 -сентябрга чейин Ысык-Көлдө уюштурулган "Enactus Kyrgyzstan 2021" жайкы лагеринде  болду.

Лагерге орундар ушул  жылдын январь-май айларындагы  командалардын рейтингине ылайык бөлүштүрүлгөн. Лагердин алкагында команда мүчөлөрү түрдүү иш-чараларга катышып жаңы билим, тажрыйбага ээ болушту. Мындан улам , команданын 2021-2022 -окуу жылына  карата  пландарын түзүштү.

ОшМУнун Enactus командасы дайыма активдүү жана коомго кызмат кылууга умтулуп келет. Буга байланыштуу команда эки жолу Улуттук чемпион (Пекин, Торонто) жана жети жолу Кыргыз Республикасынын вице-чемпиону жана көптөгөн номинациялар боюнча сыйлыктардын ээси болгон. 

Команда мүчөлөрү ОшМУнун ректору  Кудайберди Кожобековго ОшМУнун Enactus командасынын идеясын жана долбоорлорун ишке ашырууда ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Фото галерея