ОшМУнун психологдору мектеп мугалимдерине тренинг өтүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун психологдору мектеп мугалимдерине тренинг өтүштү

Image

Ош шаарындагы С.М.Киров атындагы №4 орто мектебинде социалдык педагогдордун август айындагы шаардык семинары өттү.

 Аталган семинарда  ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы  Акчач Жолдошева кафедранын жамааты  менен биргеликте “Социалдык педагогдордун иш кагаздарынын формалары” деген темада тренинг өтүштү.

Тренингде социалдык педагогдор менен пикир алышып, суроолоруна жооп берип, алдыдагы кызматташтыктар боюнча сунуш-пикирлерин угушту.

Фото галерея