ОшМУнун медклиникасында боор алмаштыруу боюнча эки операция ийгиликтүү жасалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медклиникасында боор алмаштыруу боюнча эки операция ийгиликтүү жасалды

Image

Операциялар Ош облусунун 50 жана 59 жаштагы эки тургунуна жүргүзүлдү. Бир бейтапка 20 жаштагы кызы, экинчисине 35 жаштагы уулу донор болду. 

Татаалдыгы менен айырмаланган операциялардын ар бири болжол менен 12 саатка созулган. Дарыгерлердин кесипкөйлүгүнүн жана биргелешкен эмгегинин натыйжасында эки операция тең ийгиликтүү аяктаган. Учурда бейтаптардын абалы орточо оор деп бааланууда. Аларга тиешелүү дарылоо, медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бейтаптар медициналык борбордо болжол менен 30 күн дарыланат.

Эске салсак: 2026-жылы ОшМУнун медициналык борборунда органдарды трансплантациялоо боюнча тогуз операция жасалды. Муну менен буга чейин жасалган трансплантациялык операциялардын жалпы саны 11ге жетти. Мындан тышкары сентябрь-октябрь айларында дагы сегиз операция жасоо пландалууда.

ОшМУда түштүктөгү алгачкы боор трансплантациялоо операциясы 2025-жылы ийгиликтүү жасалган. Борбордо мындай татаал операциялардын жасала башташы заманбап медициналык технологияларды өздөштүрүүгө, бейтаптарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Фото галерея