22-сентябрда Орус филологиясы факультетинде маркум доцент Калмамат Абдиевдин 65 жылдык мааракесине арналган «Азыркы филологиялык жана педагогикалык илимдердин өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Анда азыркы тил илими, адабият таануу жана тилдерди окутуунун методикасы боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Катышуучулар филология, педагогика тармагындагы көйгөйлөрдү салыштырма өңүттө карап, келечектеги илимий изилдөөлөрдүн багыттары боюнча пикир алышты.
Жыйынга ОшМУнун окумуштуулары, жаш изилдөөчүлөрү менен катар Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун, Фергана мамлекеттик университетинин филология факультетинин өкүлдөрү катышты.
Илимий-практикалык конференцияны Орус филологиясы факультетинин практикалык орус тилинин факультеттер аралык кафедрасы уюштурду. Максаты окумуштуулар, жаш изилдөөчүлөр жана адистер арасында тажрыйба алмашууну камсыз кылуу, илимий байланыштарды чыңдоо, филологиялык-педагогикалык изилдөөлөрдүн актуалдуу багыттарын талкуулоого багытталды.