Министр Купешов ОшМУда жыйын өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

Министр Купешов ОшМУда жыйын өткөрдү

Image

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев  аймактарга болгон иш сапарынын алкагында  ОшМУда болду.

ОшМУнун базасында жогорку окуу жайлардын ректорлору, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору  менен жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берип, сунуштарын укту.

 Жыйында  министр 15-сентябрь жаңы окуу жылынын башталышын  Лейлек районунун Максат айылындагы Максат орто мектебинде өткөргөндүгүн айтып, иш-сапары Ош, Жалал-Абад облусунун аймагындагы мектептерде уланарын кошумчалады.

Жыйындан соң окуу жайдын Медицина, Эл аралык медицина факультеттери, Медициналык клиникасы жайгашкан ОшМУнун Ак-Буура кампусундагы  билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты. 

Фото галерея