Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунунда 7-октябрда «Баалоонун түрлөрү жана кайтарым байланыш» темасында конок лекция болду.
Иш-чарага тарых багытында окуган магистранттар, студенттер жана жаш изилдөөчүлөр катышты.
Лекцияны Ош облустук билим берүү институтунун инновациялык процесстерди уюштуруу жана башкаруу боюнча директорунун орун басары Чынара Раимбекова өткөрдү. Ал катышуучуларга билим берүүдөгү баалоонун заманбап түрлөрү, окуучулар менен натыйжалуу кайтарым байланыш түзүүнүн жолдору, инновациялык педагогикалык ыкмаларды иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири баяндады.
Лекциянын аягында угуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты. Ошондой эле тажрыйба менен бөлүштү.
Иш-чара Тарых-юридика институтунун директорунун орун басары Сабыр Арстанов, кафедра башчылары Гулзада Жумашова жана Талант Шаанов тарабынан демилгеленди.