ОшМУда Кыргызстан менен Жапониянын маданияты тааныштырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыргызстан менен Жапониянын маданияты тааныштырылды

Image

2-ноябрда университеттин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде «Эки өлкө – бир жүрөк» аталышындагы маданий иш-чара өттү.

Кечеге жапониялык JICA (Жайка) уюмунун 15 волонтёру катышты. Алар комузда күү чертип, студенттерге кыргыз элинин улуттук музыкалык өнөрүн тартуулашты. Ошондой эле катышуучуларды аталган өлкөнүн салттуу согуш өнөрлөрү менен тааныштырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер эки өлкөнүн маданияты, каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды алышты. 

Маданий кече Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы достук мамилелерди жана маданий байланыштарды чыңдоо максатында жапон тилинин окутуучусу Зарина Асанахунова, волонтёр Рихо Цубакинин демилгеси менен уюштурулду.