ОшМУда алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар жайылтылууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар жайылтылууда

Image

Окуу жайда окутуучулардын алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын жайылтууга багытталган окутуулар уланууда. Бул жолку тренингде «ОшМУнун заманбап лектору – 2026» сынагынын жеңүүчүсү Абдулазиз Акматов жасалма интеллектти окутуу процессинде колдонуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Ошондой эле ал Z муунун окутуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана санариптик коопсуздук тууралуу маалымат берди. Андан соң «ОшМУнун заманбап окутуучусу – 2026» конкурсунун жеңүүчүлөрү Бурулай Камчы кызы, Назира Акимжанова тренинг өткөрүштү. Алар текст менен иштөөдө санариптик технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу, интерактивдүү окутуу ыкмалары тууралуу айтып беришти.

Мындан тышкары «ОшМУнун заманбап электрондук окуу-усулдук комплекси – 2026» конкурсунун жеңүүчүсү Нуржан Абдумалик кызы электрондук окуу-усулдук комплексти иштеп чыгуу технологиялары боюнча тажрыйбасын тааныштырды.

Окутуулар окуу процессине заманбап педагогикалык ыкмаларды, санариптик каражаттарды кеңири киргизүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

 

Фото галерея