ОшМУда мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышы текшерилүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышы текшерилүүдө

Image

Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда мамлекеттик тил жана жарнама жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын текшерүү боюнча мониторинг жүрүп жатат. Анда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жүргүзүлүшүнө да көңүл бурулууда.

Мониторинг 2–5-ноябрь күндөрү ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын жетекчилигиндеги комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө институттун дирекциясынын, окумуштуулар кеңешинин, предметтик-циклдик комиссиялардын иш кагаздары каралууда. Документтердин мамлекеттик тилде сабаттуу жана талаптарга ылайык түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле студенттердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли аныкталып, институттун сайтынын кыргыз тилиндеги мазмуну, окуу имаратындагы көрнөк-жарнактардын абалы текшерилүүдө. Мындан тышкары «Сабаттуу бол» акциясынын алкагында 180 сөздөн турган жат жазуу уюштурулуп, катышуучулардын жазуу сабаттуулугу бааланууда.

Мониторингге Педагогика жана искусство институтунун, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин, орус филологиясы факультетинин жана Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тартылган.

Иш-чара мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө, иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү маданиятын калыптандыруу, студенттердин тилди билүү деңгээлин жогорулатуу жана университеттин маалыматтык чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү максатында уюштурулууда.

Фото галерея