Айыл чарба коллежи кесиптик лицейлер менен кызматташууну күчөтүүдө

Башкы Жаңылыктар

Айыл чарба коллежи кесиптик лицейлер менен кызматташууну күчөтүүдө

Image

ОшМУнун Айыл чарба колледжинин окутуучулары Ноокат районундагы №54 кесиптик лицейдин студенттерине ветеринария боюнча практикалык сабак өтүп, малга операция жасоо жана УЗИ аркылуу текшерүү иштерин көрсөтүштү.

Практикалык сабак 14-ноябрда өтүп, ага коллеждин ветеринария адистигинин окутуучулары, лицей жамааты катышты. Жолугушууда ветеринардык адистердин коомдогу орду, мал чарбачылыгын өнүктүрүүдөгү мааниси, кесиптин жоопкерчилиги жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.

Практикалык сабактын жүрүшүндө ценуроз оорусуна чалдыккан койго операция жасалды. Ошондой эле тамак сиңирүү системасы жабыркаган уйга тиешелүү дары-дармектер берилип, бооз уйлар менен жылкыларга ультраүндүк изилдөө (УЗИ) жүргүзүлдү. Бул иштер лицей студенттерине ветеринардык жардам көрсөтүүнүн айрым ыкмаларын жакындан көрүп, практикалык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чаранын соңунда лицейдин жетекчилиги ОшМУнун жана Айыл чарба коллежинин жетекчилигине, ветеринария адистигинин окутуучуларына ыраазычылык билдирди. Мындай жолугушууларды улантуу, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун белгилешти.

Айыл чарба коллежи аймактардагы кесиптик лицейлер менен кызматташууну өнүктүрүү аркылуу студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштырууга, болочок адистердин кесиптик көндүмдөрүн арттырууга багытталган иштерди улантууда.

 

Фото галерея