Ош мамлекеттик университети Гуандун өнөр жай жана соода политехникалык университети менен илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтет. Тараптар робототехника, жасалма интеллект, билим берүү программалары жана биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Буга байланыштуу бүгүн, 20-ноябрда аталган окуу жайдын ректору Цзе Инжун баштаган делегация, Цзянсу Хуйбо робототехника технологиялары компаниясынын өкүлү Ли Вэнь иш сапары менен келишти. Конокторду Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун директору Бектур Азимов тосуп алып, Next Generation Hub борборуна алып барды. Делегация борбордун ишмердүүлүгү, техникалык материалдык базасы менен таанышты. Ошондой эле студенттердин илимий-техникалык долбоорлорун, робототехника жана жасалма интеллект багытындагы эмгектерин көрүштү.
Таанышуу учурунда делегация борбордун ачылганына аз гана убакыт болгонуна карабастан, бул багытта бир топ иштер аткарылганын белгилешти. Мындан тышкары студенттерге, окутуучуларга өз сунуштарын беришти. Борбордун ишин мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы заманбап техникалар менен камсыздоого даяр экендиктерин билдиришти.
Андан соң делегация окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ички түзүмдөрдүн жетекчилери менен жолугушту. Анда ОшМУ менен Кытайдын жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү программалары боюнча тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Гуандун өнөр жай жана соода политехникалык университетинин ректору Цзе Инжун ОшМУнун башка институттары менен да кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Иш сапардын алкагында коноктор Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун материалдык-техникалык базасы, окуу лабораториялары менен таанышат. Андан соң студенттерге конок лекцияларын окушат.
ОшМУ менен Гуандун өнөр жай жана соода политехникалык университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге 2025-жылы кол коюлган. Анын негизинде эки окуу жайдын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен иштерди жүргүзүү каралган.