Муфтий Абдулазиз Закиров ОшМУда үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

Муфтий Абдулазиз Закиров ОшМУда үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу баяндама жасады

Image

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров 25-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде студенттер, окутуучулар менен жолугушту. Ал «Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана таалим-тарбия» темасында баяндама жасады.

Баяндамада үй-бүлөнүн коомдогу орду, улуттук жана руханий баалуулуктарды сактоо, муундар арасындагы адеп-ахлактык мамилелерди бекемдөө, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликке тарбиялоо маселелери талкууланды. Муфтий бала тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилигине, улуттук нарк-насил менен диний баалуулуктардын айкалышына токтолду.

Жолугушууда факультеттин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен пикир алмашуу болуп, алардын коомдогу орду, үй-бүлөлүк ынтымакты чыңдоодогу, адеп-ахлактык тарбияны жайылтуудагы жоопкерчилиги белгиленди. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты.

Иш-чараны теология факультетинин деканы Ниязали Арипов алып барды. Жолугушууга Муфтияттын алдындагы Илим-изилдөө институтунун директору Самаган Мырзаибраимов, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адылбек уулу, муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Убайдилла Сарыбаев, анын орун басары Абдималик Турсунбеков, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

 

Фото галерея