Окутуучулар Москвада илимий изилдөөлөрүн тааныштырып, квалификациясын жогорулатышты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Москвада илимий изилдөөлөрүн тааныштырып, квалификациясын жогорулатышты

Image

ОшМУнун окутуучулары Москвадагы Патрис Лумумба атындагы Россия эл достугу университетинде өткөн эл аралык илимий конференцияга катышып, квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү.

Орус филологиясы факультетинин деканы, доцент, филология илимдеринин кандидаты жана Орус тили жана маданияты борборунун директору Венера Суркеева 17–20-ноябрь күндөрү өткөн «Цивилизациянын туруктуу өнүгүүсү үчүн: кызматташтык, илим, билим берүү, технологиялар» аттуу V эл аралык илимий конференцияда баяндама жасады. Ал «Билингвалдык билим берүү шартындагы тил саясаты: текстти түшүнүү көндүмдөрүн калыптандыруу – билим берүү кызматташтыгынын негизи» темасындагы изилдөөсүн тааныштырды. Конференцияга ШКУга мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдүн окумуштуулары, окутуучулары, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Ошондой эле ОшМУнун доценттери Дамира Асанова жана Ыкыбал Темиркулова Россия эл достугу университетинде квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. Иш сапар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын алкагында уюштурулду.

 

Фото галерея