25-ноябрда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинде Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин өкүлдөрү студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашты.
Аталган университеттин социалдык психология факультетинин этнопсихология жана көп маданияттуу билим берүүнүн көйгөйлөрү кафедрасынын башчысы, профессор Ольга Павлова этнопсихологиянын актуалдуу маселелери, маданияттар аралык өз ара аракеттенүү жана көп маданияттуу билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу лекция окуду. Ал билим берүү процессинде кездешүүчү тоскоолдуктар, педагогдордун маданияттар аралык компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жолдору, этномаданий чөйрөдө тарбиялоонун мааниси тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кыргызстандын маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен практикалык мисалдарды келтирди.
Иш-чарага Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Елизавета Михедова да катышты. Жолугушуу Психология жумалыгынын алкагында уюштурулуп, психология жана педагогика багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, тажрыйба алмашууга багытталды.