ОшМУга эл аралык “IAAR EUR MULTIDISCIPLINARY AWARD” сыйлыгы тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга эл аралык “IAAR EUR MULTIDISCIPLINARY AWARD” сыйлыгы тапшырылды

Image

Казакстандын Нур-Султан шаарында «Жогорку билимдин сапатын камсыз кылуу: дүйнөлүк тенденциялар жана аймактык аспектилери” аттуу V Борбордук Азиялык эл аралык форуму өттү.

 Аталган форумга Кыргызстан, Казахстан, Россия, Латвия, Азербайджан, Украина, Молдова, Армения, Өзбекистан, Таджикистан, Беларусиянын билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык европалык жогорку билимдин сапатын камсыздоо түйүндөрү, эл аралык билим берүү жаатындагы  уюмдар катышты.

Форумдун алкагында ОшМУга “IAAR EUR MULTIDISCIPLINARY AWARD” сыйлыгы тапшырылды. Сыйлык  ОшМУнун академиялык ийгиликтери жана НААР рейтингдик изилдөөлөрдөгү алдыңкы иш-аракеттери үчүн берилди.

 

 

Фото галерея