ОшМУнун ректору А. Байтурсынов атындагы Күмүш медал менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору А. Байтурсынов атындагы Күмүш медал менен сыйланды

Image

Нур-Султан шаарында өткөн сапатты камсыздоо системасын өнүктүрүү маселелерин, аккредитация жана рейтингдик изилдөөлөрдү талкулоого жана эл аралык уюмдардар жана агенстволор менен кызматташтыгын кенейтүүгө багытталган V Борбор Азия эл аралык форумунда бир нече сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жогорку билим берүү тармагына олуттуу салым кошкондугу жана Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы билим берүүгө багытталган кызматташтыкты бекемдөөдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн А. Байтурсынов атындагы Күмүш медал менен сыйланды.

Ал эми ОшМУнун  окуу-маалымат департаментинин башчысы Руслан Арапбаев “НААРдын мыкты эксперти” деп табылды.

Бул иш чара 1-октябрда көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агентствосунун (IAAR) уюштуруусунда  өттү.

Фото галерея