Медицина факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп доцент К. Сакибаев дайындалды

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп доцент К. Сакибаев дайындалды

Image

ОшМУнун медицина факультетинин деканы м.и.к., доцент Алимбек Исмаилов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ишмердүүлүгүн факультеттин ортопедиялык жана терепевтикалык стоматология кафедрасынын доценттик кызматында улантат. Ал эми эл аралык медицина факультетинин анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы, доцент Кыялбек Сакибаев 2021-жылдын 4-октябрынан баштап медицина факультетинин деканынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буйрук менен факультеттин жамаатын университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов тааныштырды.

Фото галерея