ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Ибрагим Жунусов 60 жашта

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Ибрагим Жунусов 60 жашта

Image

ОшМУда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ибрагим Жунусовдун 60 жылдык юбилейлик мааракесине арналган жолугушуу кечеси өттү. 
Кечеге Ош шаарындагы мамлекеттик, коомдук ишмерлер, чыгармачылыктагы шакирттери, окуу жайдын жамааты, студенттер катышты. 
Коноктор  юбилейлик маараке ээсин куттуктап, өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу айтышты. Ошондой эле Ибрагим Жунусовдун калеминен жаралган чыгармалары аткарылды. 
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ибрагим Жунусов  ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчү. Окуу жайда окутуучулуктан тартып, декандын орун басары, декан, проректорлук кызматтарды аркалаган. Жаштарга жол көрсөтүп, көптөгөн таланттарга насаатчы болду. 
Ибрагим Жунусов ишмердүүлүгүндө депутат, министр, вице-премьер министрлик кызматтарды аркалады.

Фото галерея