Окуу жайдагы мыкты окутуучулар сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Окуу жайдагы мыкты окутуучулар сыйланды

Image

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университети 6-октябрь күнү Рамазан ресторанында салтанаттуу кече уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Салтанатты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерин жылуу куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан 300гө жакын профессордук-окутуучулук курамга КРдин Прездентинин, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы,КРдин Билим берүүнүн отличниги төш белгиси,Экономика жанан финансы министринин мыктысы төш белгиси,Ош шаардык мэриясынын,Ош шаардык кеңешинин,өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун жана Кесиптик бирлик комитетинин   ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө 2020-2021-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча да жеңүүчүлөр сыйланды.

Иш-чара ОшМУнун Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду.

Фото галерея