ОшМУ Забайкалье мамлекеттик университети менен психология адистигинин студенттери үчүн онлайн окутуу өткөрүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Забайкалье мамлекеттик университети менен психология адистигинин студенттери үчүн онлайн окутуу өткөрүп жатат

Image

ОшМУ менен Забайкалье мамлекеттик университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимдин  алкагында  Забайкалье мамлекеттик университетинин инклюзивдик билим берүү региондук борбору ОшМУнун психология кафедрасы менен биргеликте инклюзивдүү ыктыярчылык мектебинде акысыз онлайн окутууну баштады.

Онлайн окутууга өзгөчө муктаждыгы бар адамдар менен иштөө, ошондой эле алардын коомго адаптациялануусунун медициналык, психологиялык жана социалдык аспектилери жөнүндө көбүрөөк билгиси келген психология адистигинин студенттери чакырылган. 
Онлайн окутуу Discord платформасында өтүп жатат. Бул платформа окутууга катышкандар үчүн ыңгайлуу, каалаган учурда материалдарды пайдалана алышат. 

Курстун жыйынтыгында катышуучулар атайын тест тапшырышат. Тестти мыкты тапшырган катышуучуларга 36 саатка ылайыкташкан атайын сертификат тапшырылат.  Окутуу 5-октябрдан 25-октябрга чейин уланат.

Инклюзивдүү ыктыярчылык мектеби  уюштуруп жаткан онлайн окутуунун ОшМУ тарабынан координатору ОшМУнун психология кафедрасынын профессору Асылбек Эшиев.