ОшМУда жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат

Image

Форумга И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен, Кыргызстан эл аралык университетинен, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, Кыргыз экономикалык университетинен, Баткен мамлекеттик университетинен,  ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, студенттер катышып жатышат.

Ачылуу аземинде ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова жалпы катышуучуларга окуу жай тууралуу маалымат берип, биринчи иш-чарасы өтүп жаткан форум мындан ары да салтка айланып уланып, республикадагы жогорку окуу жайлардын демилгелүүү, алдыңкы студенттеринин пикир алышып, ой бөлүшкөн аянтчасы болуп калуусун белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты, Республикалык Аялдар Кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева форумдун ишине ийгилик каалап, жогорку окуу жайлардын алдыңкы, активдүү окутуучуларын, Аялдар кеңешинин төрайымдарын,  студенттик кеңештин төрагаларын Жогорку Кенештин ардак громатасы менен сыйлады.

Форумдун алкагында “Университет жана студент”,  “Жаштар жана мамлекет” деген темаларда панелдик талкуулар болду.

Күндүн экинчи бөлүгүндө студенттер үчүн “Чилистен” акыл таймашы, “XXI кылымдын  компетенциялары” көндүмдөр чемпионаты, “Келечек чакырыктары” студенттик эмгектердин кароо-сынагы, компьютерде текст терүү, пазл чогултуу, кубик-рубик чогултуу, компьютердик графикалык дизайн, котормо иши багыттарында сынактар өтөт.

20-октябрда коноктор үчүн спорттук мелдештер, ОшМУнун окуу имараттарына жана Ош шаарындагы кооз жайларга саякат уюштурулат.

Фото галерея