Профессор Капар Зулпукаров КМШнын билим берүүсүнүн мыктысы болду

Башкы Жаңылыктар

Профессор Капар Зулпукаров КМШнын билим берүүсүнүн мыктысы болду

Image

Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн мугалимдердин жана педагогдордун “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин билим берүү мейкиндиги – туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык булагы” аттуу VI съездинде  филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаровго “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси тапшырылды.

Иш-чарага Россиянын, Белоруссиянын, Армениянын, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн билим берүү тармагында  эмгектенген өкүлдөрү катышты. Курултайдын  негизги максаты педагогдордун арасында интеграциялануу процессин өнүктүрүү, агартуучулук тармагында өз ара кызматташуунун жаңы формаларын жана механизмдерин издеп табуу, тажрыйба алмашуу үчүн мыкты шарттарды түзүү.

Окуу жайдын жетекчилиги Капар Зулпукаровдун республикадагы филологиялык илимди өнүктүрүүгө кошкон зор салымын, мектептер үчүн педагог-русисттерди, илимий кадрларды (анын жетекчилиги астында илимдин 5 доктору, 26 кандидаты жалпы, салыштырма-типологиялык, орус, герман, кыргыз тил илимдери боюнча илимий иштерин коргошкон) даярдоодогу көп жылдык талыкпаган эмгегин эске алып, аны бул номинацияга көрсөткөн болчу.

ОшМУнун жалпы жамааты агайды алган наамы менен чын дилден куттуктап, билимдүү жаштарды тарбиялап өстүрүүдөгү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодогу иштерине ийгиликтерди, өзүнө бекем ден соолук, күч-кубат, кажыбас кайрат каалайт!

Фото галерея