“Испан маданият күндөрү” белгиленди

Башкы Жаңылыктар

“Испан маданият күндөрү” белгиленди

Image

ОшМУнун  Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде “Испан маданият күндөрү”  белгиленди. Маданий иш-чарага ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, Эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Абдыганы Абдувалиев, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов, факультеттин жамааты, студенттер катышышты.
Иш-чарада студенттер Испан элинин тарыхы, каада-салттары, үрп-адаттары боюнча айтышып, аталган элдин улуттук бийлерин бийлеп, ырларын ырдашты. Испан элинин улуттук даамдары көргөзмөгө коюлду. 
Европалык-Америкалык интеграция бөлүмү  тарабынан уюштурулган иш-чара испан маданиятын жайылтуу максатында Испаниянын Кадис университетинен келип 2018-жылдан бери волонтер окутуучу болуп эмгектенип келе жаткан Инмакулада Валеско Гомес тарабынан уюштурулган. 
Аталган  бөлүмдө студенттер 1-курстан 3-курска чейин испан тилин окушат. Испан тилин билүү аркылуу студенттер Эразмус+ программасына катышууда. Буга чейин 7 студент  Кадис университетинде Эразмус + программасы аркылуу билим алып келсе, 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестринде 3 студент жөнөп жатат.

Фото галерея