Медицина факультетинде морфологиялык кичи лаборатория ачылды

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинде морфологиялык кичи лаборатория ачылды

Морфологиялык лаборатория окуу-лекциялык 3D анатомиялык комплекси, монокулярдык 20 микроскоп, тринокулярдык 5 микроскоп, 10 даана бинокуляр менен жабдылган.
Кыргызстанда биринчи жолу медицина факультетине акыркы үлгүдөгү интерактивдүү Пирогов столу алынып келинди. Аталган шаймандын жардамында нормалдуу анатомияны, органдардын майда  бөлүктөрүн, патологияны, УЗИни жана томографияны көрүп окууга жана  үйрөнүүгө болот.
Лабораторияда студенттер  китептен окуп үйрөнгөндөрүн, практика түрүндө көрүп өздөштүрүшөт. Мындай шарттар студенттердин жетишерлик деңгээлде сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлдү. 
Интерактивдүү Пирогов столун жана 3D анатомиялык комплексин лабараторияда гана иштетпестен, интернет аркылуу бир учурда 15 жерде аралыктан  экранга жана компьютерге туташтырып колдонууга болот.
Сентябрда окуу жайда медицина багытында билим алып жаткан студенттер үчүн заманбап 2 окуу лабораториялык имарат курулуп пайдаланууга берилген. Жаңы имаратта лекциялык залдар, практикалык көндүмдөр борбору, инновациялык окутуу технологиялары борборлору жана лекциялык залдар бар. Окуу имараттарынын курулушу университеттин ички каражатынын эсебинен каржыланган.

Фото галерея