Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректору ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректору ОшМУда болду

Image

ОшМУга Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинин Ректору Силин Яков иш сапары менен келди.

Алгач ректор  Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, эки жогорку окуу жайдын кызматташтык алакалары, алдыдагы пландар боюнча пикир алышышты. Жыйынга ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Абдувалиев, университеттин Бизнес жана менеджмен факультетинин деканы Т.Исраилов, аталган факультеттин кафедра башчылары катышты.

ОшМУ менен Урал мамлекеттик экономикалык университетинин буга чейин ишке ашып келген кызматташуу меморандумунун мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу, аны  жаңылоо маселелери сүйлөшүлдү. Анда  окутуучулар, студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү, кош диплом, биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу кызматташтыгын улантуу жѳнүндѳ макулдашышты.

“Ар бир жогорку окуу жайдын күчтүү жактары болот, сиздердин окуу жайдан да мен ушундай биз үйрөнө турган жактар көп экендигин байкадым. Биз мындан ары да биргеликте кызматташуу аркылуу жаны бийиктиктерди барындырарыбызга ишенем. Биздин окуу-маалымат департаментин, санариптештирүү багытындагы адистерибизди сиздердин окуу жайдан тажрыйба алууга жакынкы күндөрдө жөнөтөбүз”, -деди ректор Силин Яков.

Учурда Бизнес жана менеджмен факультетинин 2 студенти 6 айлык мөөнөт менен аталган университетте академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатат.

ОшМУ менен Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректорлорунун кызматташуу келишимине кол коюу салтанаты ушул жылдын  8-10-июнь күндөрү Екатеринбург шаарында өтүүчү IX Орус-Кыргыз аймактар ​​аралык конференциясынын алкагында болот.

Фото галерея