ОшМУнун күзөтчүсү грепплинг боюнча байгелүү орунга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун күзөтчүсү грепплинг боюнча байгелүү орунга ээ болду

Image

ОшМУнун күзөт кызматында эмгектенген Мелисбек Абдрахманов 21-майда өткөн Кыргызстандын грепплинг боюнча чемпионатында 2-орунга ээ болду. Ал буга чейин 9-майда өткөн грепплинг боюнча Эл аралык турнирде 1-орунду алып "Алтын кур" тагынган.
Мелисбек Абдрахманов күжүрмөн самбо, эрежесиз эр уруш, кулатуу боюнча Кыргызстандын чемпиону, ММА боюнча «Battle of Champions» эл аралык турниринин чемпиону «Альянс» эл аралык кубогунун жеңүүчүсү, ММА боюнча эл аралык «Alash Pride Selection 3» жана «Alash Pride Selection 5» турнирлеринин эки жолку чемпиону болгон. 2015-жылы  “Sports Awards” мыкты спортчуларды сыйлоо аземинде “Жылдын мыкты спортчусу” деп табылган.
Ал 2018-жылдан бери ОшМУнун күзөт кызматында иштеп келет.

Фото галерея