“Каныбек Исаков” психологиялык портрет китеби жарык көрдү

Башкы Жаңылыктар

“Каныбек Исаков” психологиялык портрет китеби жарык көрдү

Image

Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри, ОшМУнун мурдагы ректору, педагог, илимпоз Каныбек Исаковдун бейнесин чагылдырган “Каныбек Исаков” (психологиялык портрети) аттуу китептин бет ачар аземи болду.
Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган окутуучулук-профессордук курам, шакирттери, дос санаалаштары жана үй-бүлөсү катышты. Ошондой эле, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин жамааты даярдаган видео баян көрсөтүлдү.
Китептин автору Маматали Мурзаев. Автор китепте Каныбек Исаковдун психологиялык портретин ачып берүүгө аракеттенип, реформатор агайдын ийгилик сырлары, анын мыкты, көрөгөч жана менеджер жетекчи катары калыптанышына кеңири токтолгон. Мындан сырткары ОшМУнун ректору учурунда окуу жай үчүн жасаган иштери камтылган.
Филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков - 1969-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине окууга тапшырып, 1993-жылы артыкчылык менен аяктаган. 1993-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун баштаган. ОГПИнин, ОшМУнун ректорлук кызматтарын аркалаган.

Фото галерея