Билим сапатын баалоо боюнча генералдык рейтингде ОшМУ алдыга чыкты

Башкы Жаңылыктар

Билим сапатын баалоо боюнча генералдык рейтингде ОшМУ алдыга чыкты

Image

 “Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2022” программасынын жыйынтыгы боюнча  ОшМУ институционалдык рейтингдин  жалпы генералдык рейтингинде 1-орунду ээледи.

Рейтингде ОшМУ бакалавр боюнча катышкан 72 программанын ичинен 26 программасы боюнча 1-орунду, 7 программадан 2-орунду ээледи. Ал эми магистратура боюнча катышкан 46 программанын ичинен 27 программадан 1-орунду, 1 программадан 3-орунду камсыздады.

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин мониторинги - 2022, Кыргызстандын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамынын басмаканалык активдүүлүгү жаатында ТОП-50 рейтинги да чыккан. ТОП-50гө жалпы 400гө жакын профессордук-окутуучулук курам кирсе, анын ичинен 148 окумуштуу ОшМУда эмгектенишет. ТОП-10 ОшМУда эмгектенген 4 окумуштуу ТОП-10го кирди. Ал эми ТОП-30га кирген 49 окумуштуунун 28 ОшМУда эмгектенет.

Өлкөнүн ЖОЖдорунда билим берүүнүн интернационалдаштырылышынын өнүгүшү, "Академиялык мобилдүүлүк" индикаторунун баалоосу боюнча да ОшМУ 1-орунда турат.

ОшМУ 2018-жылы Казакстандык эл аралык НААР агенттигинен институционалдык аккредитациядан Кыргызстанда  биринчилерден болуп өткөн. 2018-2019-жылдан бери аталган агенттик Кыргызстандык жогорку окуу жайлардын улуттук рейтингин чыгарып келет. ОшМУ бул аралыкта 5 жыл катары менен генералдык рейтингинде 1-орунду камсыздады.

Жогорудагы маалымат “Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттигинин” (НААР) https://iaar.agency/rating/8/0/2022  сайтында берилген.

 

Фото галерея