ЖРТнын жыйынтыктарын алгандан кийин жаралган көйгөйлөрдү кантип чечебиз?

Башкы Жаңылыктар

ЖРТнын жыйынтыктарын алгандан кийин жаралган көйгөйлөрдү кантип чечебиз?

Image

 

Төмөнкү учурларга туш келгенде абитуриент аткара турган жолдор:   

1. Сертификатта абитуриенттин аты же фамилиясы туура эмес жазылган.

Себеби: Мектеп тарабынан 6-тиркеме (абитуриенттин фамилиясы, аты же атасынын атында кеткен каталарды оңдоо формасы) убагында же такыр толтурулган эмес же болбосо ББОУБнын кеңсесине жөнөтүлгөн эмес.

Оңдоо жолу: Сертификаттагы катаны оңдоо үчүн сертификаттын ээси ББОУБнын кеңсесине сертификаттын түп нускасын, паспорттун (16-жашка чыга элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн)  көчүрмөсүн, РСК банкына 130 сом төлөнгөнүн тастыктаган квитанцияны (сертификаттын жаңы бланкасы үчүн) жана арызын[1] алып келиши керек (эгерде башка аймакта болсо, почта аркылуу салып жиберүү керек).

2. Тестке катталгандан кийин абитуриент фамилиясын (атын) алмаштырганына байланыштуу, азыркы учурдагы абитуриенттин өздүк маалыматтары сертификаттагы маалымат менен дал келбей калган.

Оңдоо жолу: Сертификатты алмаштырыш үчүн ББОУБнын кеңсесине сертификаттын түп нускасын, фамилиясын (атын) алмаштырганы жөнүндө күбөлүктүн жана паспорттун (16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) көчүрмөсүн, РСК банкына 130 сом төлөнгөнүн тастыктаган квитанцияны (сертификаттын жаңы бланкасы үчүн), арызын алып келиши керек (эгерде башка аймакта болсо, почта аркылуу салып жиберүү керек).
 

3. Абитуриенттин сертификатында предметтик  тесттин  жыйынтыктары көрсөтүлгөн эмес.

Себеби: Абитуриент предметтик тест учурунда жооп барагына өз каттоо номерин туура эмес боёп койгон.

Оңдоо жолу: Жооп барагындагы каттоо номеринин боёлгонун жана абитуриенттин колун текшергенден кийин сертификатты алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынат. Абитуриент ББОУБнын кеңсесине сертификаттын түп нускасын, паспорттун көчүрмөсүн, РСК банкына 130 сом төлөнгөнүн тастыктаган квитанцияны (сертификаттын жаңы бланкасы үчүн) жана арызын алып келиши керек (эгерде башка аймакта болсо, почта аркылуу салып жиберүү керек).

4. Абитуриенттин сертификатында ал тапшырбаган предметтик тесттин жыйынтыктары көрсөтүлгөн.

Себеби: Башка абитуриент предметтик тестти жазып жатканда жооп барагында ката кетирип, өз каттоо номерин боёгондун ордуна сиздин каттоо номериңизди боёп алган. Бул предметтик тесттин жыйынтыгы менен тапшырууга мүмкүн эмес, анткени ББОУБ бул тесттин жыйынтыктарын ЖОЖдорго тастыктап бербейт.

Оңдоо жолу: Бул сертифкатты алмаштырыш керек.  Абитуриент ББОУБнын кеңсесине сертификаттын түп нускасын, паспорттун көчүрмөсүн жана арызын алып келиши керек (эгерде башка аймакта болсо, почта аркылуу салып жиберүү керек).

5. Абитуриенттин сертификатынын түсү башка түстө болуп калган (Бишкек шаарынын мектептери – кызыл, айыл мектептери – сары, кичи шаар жана облус борборлорундагы мектептер – көк, тоолуу аймактардагы мектептер – сыя көк).

Себеби: каттоо учурунда мектептин коду көрсөтүлгөн эмес же туура эмес көрсөтүлгөн.
Оңдоо жолу: Абитуриент ББОУБнын кеңсесине сертификаттын түп нускасын, паспорттун жана аттестаттын  көчүрмөсүн жана арызын алып келиши керек (эгерде башка аймакта болсо, почта аркылуу салып жиберүү керек).

6. Абитуриент кошумча каттоо учурунда катталып, сертификатын кайдан аларын билбейт.
Оңдоо жолу: Кошумча каттоо учурунда катталган абитуриенттер өз сертификаттарын кошумча каттоодон өткөн мектеп караган райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн алышат[2].

7. Абитуриент сертификатын жоготуп алды.

Оңдоо жолу: ММКга сертификаттын жоголгондугу тууралуу кулактандыруу берүү керек (абитуриенттин атын, фамилиясын, атасынын атын, сертификаттын берилген жылын; эгерде бар болсо, сертификаттын номерин көрсөтүп, бул сертификат жараксыз деп табылсын деп жазышы керек), кулактандыруу берилгендигин тастыктаган квитанциянын; РСК банкына жаңы сертификаттын бланкы үчүн 130 сом төлөп, аны тастыктаган квитанциянын көчүрмөсүн жана арызын ББОУБнын кеңсесине алып келиши керек (эгерде башка аймакта болсо, почта аркылуу салып жиберүү керек).

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТМЕ: Бул жол-жоболорду аткаргандан кийин эски сертификат жана андагы талондор жараксыз болуп эсептелет!

Шилтеме: testing.kg