Г.М. Анарбаева Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн эл аралык мектебинде баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

Г.М. Анарбаева Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн эл аралык мектебинде баяндама жасады

Image

ОшМУнун аспирантура башчысы, доцент Г.М. Анарбаева Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн эл аралык мектебинде “Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо: абалы, көйгөйлөрү, келечеги (ОшМУнун мисалында)” аттуу баяндама жасады. Иш-чара КРдин Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан Чолпон-Ата шаарында 2022-жылдын 28-30-сентябрында өткөрүлдү.
Баяндамада ОшМУда аспирантуранын  ишмердүүлүгү, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо тажрыйбасы жөнүндө кеңири маалымат берилди. Университетте илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун  натыйжалуулугун  жогорулатуунун  негиздери − илимий  ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн  стратегиялык иш-аракеттер жана алардын жыйынтыктары, ар тараптуу материалдык стимул көрсөтүү маселелери белгиленди. Аспирантура институтунун жана илимий кадрларды даярдоонуну натыйжалуулугун жогорулатууга, өнүктүрүү маселелерине,  нормативдик актыларга  карата  сунуштар, милдеттер берилди.
Эл аралык мектепте Англия, Индия, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандан чакырылган алдыңкы адистер жана окумуштуулар, Scopus, Web of Science системаларынын, «Антиплагиат» компаниясынын өкүлдөрү, Улуттук статистикалык комитетинин адистери лекцияларды, сабактарды жана тренингдерди өтүштү.                                                                            
Иш-чарага ОшМУдан 40тан ашуун илимдин докторлору, профессорлор, докторанттар, аспиранттар жана изденүүчүлөр активдүү катышты.

Фото галерея