ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Image

Кадырман улуу устаттар,  эжеке-агайлар, Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы! Сиздерди мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мугалим деген сөз ОшМУ үчүн ыйык, улуу, символикалуу сөз. Анткени окуу жайыбыз мындан 83 жыл мурун 1939-жылы Мугалимдер институту болуп түзүлүп, 1951-жылы Ош педагогикалык институту болуп өзгөргөн. Мугалимдерди даярдаган өлкөдөгү эң ири окуу жай катары жарым кылымдан ашык кызмат кылды. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин университет аталып, андан кийинки 30 жыл аралыгында да чыгаан билим берүү ишмерлерин, чебер педагогдорду окутуп, тарбиялады. Жүз миңдеген адистерди даярдап, өлкөнүн тарыхий, маданий, экономикалык, социалдык турмушуна эбегейсиз зор салымын кошуп келе жатат.  
Мыкты адис тарбиялоодо заманбап техникалык база, эң алдыңкы окуу-тажрыйба борборлору, инфраструктура гана жетиштүү ролду аткара албайт, ал үчүн биринчи кезекте кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалим керек. Биз илимдин баба дыйкандары: профессорлор, доценттер, улук окутуучу, окутуучулар менен мактанабыз. Окуу жайдын сапаттык көрсөткүчүн мугалимдер аныктап, илимпоз устаттар түзөт. Кадырлуу эжеке-агайлар, сиздер окуу жайдын ар бир ийгилигинин себепчиси болуп келесиздер. Студенттер окуу жайдын жаркыраган имаратын, жашыл короолорун, кабинеттеги компьютер, приборлорду эмес, мугалимдердин берилип окуган лекцияларын, лабораториялык, семинардык сабактарын, өндүрүштүк, падегогикалык, талаа практикаларында чогуу жүргөн күндөрүн, айткан акыл-насааттарын өмүр бою сыймыктана эстеп жүрүшөт. Университеттин мугалимдери жаштарга билим берүү менен катар, ээ болгон илимин турмушка ашырып, өндүрүшкө багыттайт. Ошону менен бирге студенттерди чоң турмушка даярдайт. Биздин окутуучулар жаңыланууга, жаратмандыкка умтулган кесипкөйлөр. Сиздер менен баарыбыз сыймыктанабыз. Сиздердин араңыздарда студенттерге сабак берип, ишмердүүлүгүн мугалимдиктен баштаган инсан катары мен да сыймыктанам. Мугалимдик кесип - күн сайын сыноолордо туруунун кесиби. Биз студенттердин, ата-энелердин, коомчулуктун алдында чоң сыноолорго туруштук берип, окуу жайды эл аралык деңгээлдеги заманбап өндүрүштүк университетке айлантып баратабыз. Биздин окуу жайдын дагы бир өзгөчөлүгү - студенттер менен бирге окуучуларга да билим берген типтүү университет экендигинде. ОшМУнун карамагында "Билим", "Ыйман", "Зирек" аттуу мектеп-лицейлер, аймактарда мектеп-гимназиялар бар. Учурдан пайдаланып, окуучуларга билим берген тарбиячы-мугалимдерди да куттуктайм! 
 Кадырман устаттар, эже-агайлар! Пайгамбар кесиби менен ширелишкен сыймыктуу өмүрүңүздөр ар дайым берекелүү, маңыздуу болсун! Жашооңуздар жаркын, маанайыңыздар ачык болсун! Майрамыңыздар менен!
Сиздерди терең урматтап ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков