А.Батыралиев: Азыр продуктту рынок тандайт, биз ошого ылайык кадрларды даярдап чыгаруубуз зарыл

Башкы Жаңылыктар

А.Батыралиев: Азыр продуктту рынок тандайт, биз ошого ылайык кадрларды даярдап чыгаруубуз зарыл

Image

Педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент Адылбек Батыралиев бөлүмдөгү аткарылган иштер, сунуштар боюнча ой бөлүштү:

 Педагогикалык практика бөлүмү -  болочок мугалимдердин кесиптик      даярдыгын арттырат

Университетте практика бөлүмү экиге бөлүнгөн: педагогикалык эмес адистиктер үчүн жана педагогикалык адистер деп. ОшМУнун педагогикалык практика бөлүмү  педагогикалык багытта билим алган адистиктердеги студенттер менен иш алып барат. Биз студенттердин практикаларын уюштурууну колго алганбыз. Башкача айтканда, мектептер менен келишим түзүп, ошол жерде студенттердин толук кандуу практикадан өтүүсү үчүн кам көрөбүз. Болочок мугалимдердин кесиптик даярдыгын күчөтүү, практикалык шык жөндөмүн арттырууну максат кылганбыз.

Студенттер алгач адаптациялык практикага 2 жумага чыгышат. Мында алар окуучулар менен иштешүүнү, мектептердеги документтик иш кагаздарын даярдоо, жүргүзүү процесстерин үйрөнүшөт. Ошондой эле класс   жетекчиге жардам берип, тарбиялык сааттарды өтүшөт. Ал эми андан кийин 3-курста кесиптик базалык практикага 6 жумага чыгышат. Сабак өтүшөт, окуучулар менен иштешет, толук кандуу мугалимдик көндүмдөрдү үйрөнүп келишет. 4-курста кесиптик профилдик деп аталып, 11 жума аралыгында практика өтөшөт. Андан сырткары талаа, археологиялык, этногрфиялык, пленардык, фольклордук практикалары бар.    

Студенттер шаардагы мектептерде кезеги менен практикадан өтүшөт

Учурда практикага чыгуу графиктерин өзгөрткөнбүз. Анткени буга чейин бир учурда баары практикага чыгып, мектептерге студенттер толуп калган учур көп болду. Маселен былтыркы окуу жылында бир учурда колледжден да, бакалаврдан да практикага чыгып, мектептерге батпай калган жагдайга туш келдик. Ошондо структуралардагы практикага жооптуулар менен кеңешип, графиктерди кайрадан түзүп чыктык. Бүгүнкү күндө түзүлгөн графиктердин негизинде шаардагы мектептерде кезеги менен адистиктер практика өтөөдө.

    

Студенттердин практика өтөп жаткандыгы тыкыр текшерилет

Албетте, студенттердин практикага чыгарып коюп эле тим болбостон, алар кантип өтөп жатышат, ага сөзсүз көзөмөл жүргүзөбүз. Анткени бул биздин бир функциябызга кирет. Мектептерге барып, алардын өткөн сабактарына катышабыз, баа беребиз. Мектептердин жетекчилиги менен жолугуп, эгер студенттердин көйгөлөрү болсо, чечүүгө көмөктөшөбүз. Биз менен жакшы иштешкен мектептерге стимул иретинде университеттин эсебинен акчалай сыйлыктарды да берип турабыз. Бизден сырткары ар бир факультет, колледждердин практика боюнча жооптуулары бар, алар да барып тыкыр көзөмөлдөп турушат. Учурда Индустриалдык-педагогикалык колледжи мектептердеги мугалимдерди 0,25 ставка менен жумушка алып, иш алып барып жатышат. Бул да болсо студенттердин толук кандуу практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жол ачууда.

Жумуш дайым эле бир ыргакта кетпейт, айтайын дегеним айрым учурларда студенттер практикага барбай калган учурлар да бар. Мында атайын комиссия студенттин эмне үчүн практика өтөбөгөндүгүн изилдеп чыгып, анан анын кайрадан практика өтөөсүнө уруксат берет.

        

Практиканын жыйынтыгы катары конференциялар уюштурулат

 Биз иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирин жетекчиликке жеткиргенге аракет кылабыз. Практикаларды жыйынтыктап келишкенден кийин окуу жайда жыйынтыктоочу конференциялар уюштурулат. Презентация болот, сунуштар, суроолор айтылат.

 Мектепке барганда сабакка катышабыз, сурайбыз, жетекчилер менен сүйлөшөбүз кемчилдиктер, сунуштарды угабыз. Биздин практиканттарда эмне кемчилдик болуп жатса аларды биз окуу жайда жыйындарда айтып, окуу планында өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Мисалы каллиграфия предметин киргиздик. “Математикадан, физикадан практикум сабактарды көбүрөөк киргизгиле”- деп сунуштарды айтышты, аны киргиздик. Иш берүүчүлөр кандай сын пикир, сунуштарды айтса аларды карап чыгып ишке ашырып жатабыз.

   

Азыр продуктту рынок тандайт, биз ошого ылайык кадрларды даярдап чыгаруубуз зарыл

Мектеп жетекчилиги азыркы техникалык каражаттарды колдонуу боюнча көп  сунуштарын билдиришти. Алардын пикири боюнча билим берүүдө колдонулуучу заманбап акыркы техникалар боюнча билимдер көбүрөк берилсе дешет. Интерактивдүү доскалар, проектрлерди колдонууну ар бир практикант билсе деген талаптарды коюшту. Окуу жайда информатика предмети 1-курста окутулгандыктан, бул жагдайды да сунушка киргизип жатабыз. 

Жетекчилер дагы студенттердин практика өтөөсүнө кызыктар болсо деп айтат элем.  Көп мугалимдерибиз бар практикалык жактан сабактарды өтүп беришет. Айрымдары теориялык жактан билимди аябай жакшы бергени менен практикадан мектепке керек сабактарды өтүшпөйт. Практикалык сааттарды алган усулчу мугалимдер өзү  мектепке барып, көрсөтмөлүү сабак өтүп берсин деген сунушту киргизип жатабыз.

Ошол эле учурда практиканы мугалимдер гана эмес, жетекчилер барып катышып, көрүшсө жакшы болмок. Факультеттин, колледждердин жетекчилери мектептерге барып өзүнүн чыгарып жаткан продуктусун өзү көрүшү керек деп эсептейм. Физика-техника факультетинин мурунку деканы Маралбек Өскөнбаев аябай көп барчу. Мектеп али ачыла электе барып алып, ар бири менен өзү байланышып маалымат алчу. Азыр ИПКнын директору Олжобай Шаимкулов барып жүргөнүн көрүп жатабыз. Башка жетекчилерде да ушул нерсе болсо жакшы болмок.

Учурда педагогикалык практика бөлүмү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери жана 105 мектеби менен педагогикалык кызматташтык боюнча келишимдер түзүлүп, болочок мугалимдерди даярдоо проблемаларынын үстүнөн  иштер жүргүзүлүүдө.

 

                                                                                                                                                                                                          Маектешкен: ОшМУнун басма сөз кызматы